ЖАЙКЫ МЕКТЕПКЕ КАТТАЛУУ
БААУ Жайкы Мектебине БААУнун толук жана жарым штаттагы студенттери, башка университеттердин жана эл аралык студенттер, бүтүрүүчүлөр жана Консорциум алмашуу программасынын студенттери каттала алышат.
Студенттерге эң көп дегенде 3 курс алууга уруксат берилет, аудиториялык катышуу (аудит) жүргүзүлбөйт.
1) Каттоо тартиби:
БААУ Жайкы Мектебине онлайн каттоо 2024-жылдын 24-майынан 7-июнуна чейин жүргүзүлөт. Жайкы мектептин сабактардын расписаниеси 2024-жылдын 23-майында БААУнун вебсайтына жарыяланат (департаменттердин расписание тапшыруусуна жараша күн сайын жаңыртылып турат).
- БААУга тиешеси жок студенттер Жайкы Мектептин каттоо формасын жүктөп, толтуруп, аны электрондук почта аркылуу kadirova_g@auca.kg дарегине жөнөтүшү керек.
- Кыргыз Республикасынын жарандары болгон башка окуу жайлардын студенттери сабактар башталганга чейин бир жума мурун каттоо формасын тапшырышы керек.
- Учурдагы БААУнун студенттери жайкы курстарга 2024-жылдын 24-майынан 7-июнуна чейинБААУнун онлайн каттоо системасы аркылуу электрондук формада окуу карталарын тапшыруу менен каттала алышат. Электрондук окуу карталары академиялык кеңешчилердин макулдугу менен каттоо процессин аяктоо үчүн Регистратордун кеңсесине жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү: Жайкы мектептин окуу акысын алдын ала төлөш керек. Онлайн каттоого кирүү укугу үчүн төлөм жүргүзүү талап кылынат. Төлөм боюнча кошумча маалымат алуу үчүн Административдик Кызмат Борборуна service@auca.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылыңыз.
2) Баалоо системасы жана рекорд:
- Жайкы мектепте БААУнун стандарттык баалоо системасы колдонулат.
- БААУнун толук жана жарым штаттагы студенттеринин баалары алардын транскриптине киргизилет.
- Башка окуу жайлардын студенттери БААУ транскриптин алышат.