Дифференциалдык теңедемелер жөнүндө жаңы китеп NOVA (USA) басма үйүндө жарык көрдү
20&Բ;августа&Բ;2025
АКШдан сонун жаңылык келди. Белгилүү илимий NOVA (USA) басмаканасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин професоору, физико-математикалык илимдердин кандидаты Анаркуль Урдалетова жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору Сыргак Кыдыралиевдердин “Кадимки дифференциалдык теңдемелерди түз интеграциялоо” монографиясы жарыяланды: .
Бул А.Б. Урдалетова менен С.К. Кыдыралиевдин көп жылдык эмгектеринин үзүрү десек жаңылышпайбыз. Баары 1996-жылы жарык көргөн Кыргызстандын математиктери үчүн ушундай маанидеги алгачкы макаладан башталган. Ошондо ал Америкалык математикалык ассоциацияда ишке ашкан.
Авторлордун айтымында, эмгек математиканын өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ. Белгилүү бир убакыттан кийин дүйнө жүзү боюнча кадимки дифференциалдык теңдемелерди иликтеген студенттер аталган монографияда баяндалган усулдарды өздөштүрүшөт.
Белгилей кетчү нерсе, БААУ иштөө процессинде авторлорго ар тараптан колдоо көрсөткөн жана бүгүнкү күндө да көрсөтүп келет.