51

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

АУЦА коомчулугуна жаңы окуу жылынын башталышы менен Президент Тимоти О’Коннордун куттуктоо кайрылуусу

25&Բ;августа&Բ;2025



Кымбаттуу студенттер жана урматтуу кесиптештер!
Биздин бардык университеттик үй-бүлөбүз үчүн маанилүү болгон кезектеги жаңы окуу жылын ачып жатабыз. Эң оболу биздин биринчи курстун студенттерин куттуктагым келет. Силер жөнөкөй эмес тандоодон өттүңөр. Ар бириңер талантуу, чоң максаттарды койгон жана өз кыялына жетүү үчүн эмгектенүүгө даяр экендигиңерди далилдедиңер. Силер БААУда кокусунан окуп жаткан жоксуңар жана биз үчүн силердин дал биздин окуу жайды тандаганыңар чоң сыймык. Бул жакта силерди ар бир кадамыңарда колдоо күтүп турат: студентке кам көрүү – биздин приоритет. БААУ – бул инсандык бааланган, пикирлерлер кадыр-баркка ээ болгон жана ар бир студенттин дараметине ишеним артылган коомчулук.
Биздин окуу жай – мүмкүнчүлүктөрдүн мейкиндиги. Силерди заманбап академиялык программалар, дисциплиналар аралык долбоорлор, студенттик клубдарда, спорттук жана чыгармачыл командаларда иштөө күтүүдө. Силерде мыктылардан билим алуу, жаңы нерселерди жасап көрүү, досторду табуу жана өз алдыңарга бийик максаттарды коюу мүмкүнчүлүктөрү жаралат.
Кымбатуу окутуучулар жана кызматкерлер! Жаңы окуу жылы – биз үчүн чакырык жана ошол эле учурда шыктануу. Болгон күч-аракеттериңерди жумшап, талыкпай эмгектенип келгениңерди билем. Чынында студенттер бизден гана эмес, биз да студенттерден кандайдыр-бир нерселерди үйрөнүп турабыз десем жаңылышпайм. Андыктан бул жылы биргелешип иштешүү кубаныч тартуулап, студенттердин ийгиликтери жана баарыбыз биргеликте БААУну өзгөчө жайга айландырып жатканыбыз үчүн сыймыктануу жана канааттануу сезимдери жаралсын.
Жаңы окуу жылы кызыктуу ачылыштар, жаркын идеялар жана эр жүрөк чечимдер менен коштолсун! БААУга кош келиңиздер!

Урматтоо менен,

Тимоти Эдвард О’Коннор

Президент

<< Назад к списку