2-апрель – Бүткүл дүйнөлүк балдар китептеринин күнү
2&Բ;апреля&Բ;2026

2-апрелде көптөгөн өлкөлөрдө Бүткүл дүйнөлүк балдар китептеринин күнү белгиленет. Бул китеп окуу, балдар адабияты жана китепке болгон сүйүүгө арналган майрам. Аталган дата жөн жерден тандалып алынган эмес: дал ушул күнү даниялык жомокчу Ханс Кристиан Андерсен жарык дүйнөгө келген.
Майрам 1967-жылы балдар китептери боюнча Эл аралык кеңештин (International Board on Books for Young People, IBBY) демилгеси менен бекитилген. Майрамдын демилгечиси немис жазуучусу Йелла Лепман болгон.
Бул күнү эки жылда бир Ханс Кристиан Андерсен атындагы сыйлык тапшырылат. Бул балдар адабиятындагы маанилүү сыйлыктардын бири болуп, балдар жазуучуларына жана сүрөтчү-иллюстраторлорго ыйгарылат. Сыйлыктын лауреаттарынын катарында Астрид Линдгрен, Туве Янссон, Жанни Родари, Марии Грипе жана башкалар белгилүү. Кезектеги сыйлык быйыл тапшырылат
Бүткүл дүйнөлүк балдар китептеринин күнүнүн максаты – инсандын өнүгүүсүндө балдар адабиятынын ролуна көнүл бурдуруу жана жаш кезинен китеп окууга кызыгууну колдоо, ошондой эле дүйнө жүзүндө китептерди балдарга жеткиликтүү кылуу. Белгилей кетсек, майрам балдар адабиятына арналса да, ал чоңдорго да жакын. Ар бирибизде бала кезибизде сүйүп окуган жана жашообузда чоң из калтырган китебибиз бар. Адатта алгачкы жомоктордон улам китеп окууга болгон сүйүү жаралып, бизди өмүр бою коштоп жүрөт.
БААУнун китепканасында профессор Клайд Форсбергдин жардамы менен пайда болгон балдар китептеринин коллекциясы тартууланды. Соңку жылдары китептердин коллекциялары бир кыйла толукталып, азыр ар кандай жаш курактарга багытталган дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн жазуучуларына таандык китептерди табууга болот. Ушул тапта алар өз окурмандарын таап, китеп окууга болгон сүйүүнү бала кезден ойготуу зарылдыгын эске салат. Аталган китептер менен китепкананын 330-аудиториясында мультимедиа залында таанышууга болот.
Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү – бала кездеги кызыктуу учурларды эскерүү, өзүң үчүн жаңы китептерди ачуу жана китеп окуу кубанычын башкалар менен бөлүшүү үчүн дагы бир себеп.