51

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Results: 4849

19
Feb
 
Март айында БААУнун студенти бол!
БААУга март айында окууга өтүү? Ооба бул толук ыктымал! Кыргызстандын көптөгөн башка окуу жайларына салыштырмалуу түрдө БААУнун кабыл алуу сынактары бир кыйла эрте башталат.
18
Feb
 
БААУда Ачык эшиктер күнү 2026-жылдын 14-февралында
Өткөн ишемби, 14-февралда БААУда Ачык эшиктер күнү өттү. Абитуриенттер жана алардын ата-энелери бакалавриат программалары, окууга тапшыруу шарттары жөнүндө билип, университеттин кампусу менен таанышышты.
17
Feb
 
Олимпиадалык маселелерди БААУнун усулдук сабагында талдоо
Мектеп мугалимдери үчүн уюштурулган кезектеги усулдук сабак олимпиадалык маселелерди талдоого арналды. Аны БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана “Колдонмо математика жана информатика” факультети уюштурду.
17
Feb
 
Филип Джессап атындагы Эл аралык укук боюнча сынак
Борбордук Азиядагы Америка университетинин Юридика факультетинин командасы Филип Джессап атындагы Эл аралык укук боюнча абройлуу сынактын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук тандоо баскычында биринчи орунду ээледи жана эми Вашингтондо (АКШ) өтүүчү Эл аралык раунддарда Кыргызстандын намысын коргойт!
16
Feb
 
Multicultural Week 2026нын жаркын жабылыш аземи
Multicultural Week 2026 апталыгы жыйынтыктаган гала-концерт жөнүндө баяндаган дагы бир видео. Аны “TV-15 Кыргызстан” телеканалы даярдаган.
13
Feb
 
БААУ 14-февралдагы Ачык эшиктер күнүнө чакырат
БААУ абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн өз эшиктерин 14-февралда саат 12:00дө ачат. Эгер сиз университетти ичинен көрүп, студенттер менен баарлашып, окууга тапшыруу боюнча кызыктырган суроолоруңузга жооп алгыңыз келсе, анда бул күн сиз үчүн.
12
Feb
 
Виктория 2026
ВИКТОРИЯ сынагы Кыргыз Республикасынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн, ошондой эле орто билим алгандыгы тууралуу аттестаты бар БААУнун “LAS Европа таануу” бакалаврдык программасы боюнча билим алууну каалаган 22 жашка чейинки жаштарынын арасында Европалык реалдуулуктар боюнча билимди текшерген сынак.
11
Feb
 
Кызыл-Кыя, Манас жана Ош шаарларында көчмө кабыл алуу сынактары
Борбордук Азиядагы Америка университети Ош, Манас жана Кызыл-Кыя шаарларында бакалавриат программасына көчмө кабыл алуу сынактарын өткөрүү тууралуу маалымдайт.
10
Feb
 
Multicultural Week 2026 финалдык концерти
БААУда Multicultural Week 2026 иш-чарасы өткөрүлдү.
9
Feb
 
Мектеп окуучулары үчүн математика боюнча олимпиада
Борбордук Азиядагы Америка университети жана БААУнун Инновациялык колледжи Кыргызстандын 9-10-11-класстарынын бардык кызыкдар окуучуларын жыл сайын өтүүчү математикалык олимпиадага катышууга чакырат. Олимпиада 22-февралда БААУда өтөт. Башталышы 10:00дө.