ОКУУ ПРОГРАММАСЫ
Төрага: Сагынбек Орунбаев
Төраганын орун басары: Ангелина Попова
Топ мүчөлөрү: Бермет Сүйтбекова, Филипп Буазо, Акылай Муктарбек кызы
Максаттар:
- БААУнун бардык студенттери экологиялык маселелерди, айрыкча айлана-чөйрөнүн туруктуулугунун маанисин, алардын жеке таасирин жана жоопкерчиликтерин түшүнүп бүтүрүшүн камсыз кылуу.
- БААУнун бардык студенттери экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу (ESG) демилгелерине катышуусун камсыз кылуу.
- БААУнун окутуучулары туруктуулук концепцияларын жана ыкмаларын өз сабактарына интеграциялап, тиешелүү иш-чараларга катышуусун камсыз кылуу.
Камтуу чөйрөсү:
● Бакалавр жана магистрдик программалар, New Generation Academy, Окуу, Окутуу жана Технологиялар Борбору (мисалы, окутуучуларды окутууга байланыштуу)
● Окутуучуларды жана студенттерди тартуу
Иш планы:
● Окутуучулар арасында алардын сабактарында экологиялык темалар жана туруктуулук боюнча окуу материалдары камтылгандыгын сурамжылоо
●Биринчи жана/же Экинчи жылдык семинарларда жана Ориентация программасынын «Тил жана ой жүгүртүү» бөлүгүндө тиешелүү темалар боюнча окуу материалдарын киргизүү мүмкүнчүлүгүн баалоо
● Кыргыз өкмөтү тарабынан талап кылынган сабактардын (мисалы, «Кыргызстандын географиясы») окуу программасын карап чыгып, тиешелүү мазмун жана окуу материалдарын кошуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө
● Окутуучуларды туруктуулук, экологиялык туруктуулук жана климаттын өзгөрүшү боюнча окутуунун зарылдыгын баалоо
● Студенттер үчүн негизги компетенцияларды жаңыртуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, туруктуулук боюнча компетенцияны киргизүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө